Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-июну № 119
2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Референдумуна Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6 жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Референдумуна Эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо жөнүндө берген арыздарына ылайык, кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Эл аралык байкоочу катары төмөндөгү уюмдардан өкүлдөр аккредациялансын:
-Көзарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен (№ 1 тиркеме);
-АКШнын эл аралык мамилелер Улуттук Демократиялык Институтунан (УДИ) (№ 2 тиркеме).
2 Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
3 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн
4 Бул токтом ЖМКларга жарыялансын.
5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Э.Б.Ирискулбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |