ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 25-июнундагы № 119 «2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Референдумуна Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө» токтому

Редакция25.06.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 25-июну № 119

2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Референдумуна Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6 жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Референдумуна Эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо жөнүндө берген арыздарына ылайык, кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 Эл аралык байкоочу катары төмөндөгү уюмдардан өкүлдөр аккредациялансын:

-Көзарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен (№ 1 тиркеме);

-АКШнын эл аралык мамилелер Улуттук Демократиялык Институтунан (УДИ) (№ 2 тиркеме).

2 Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн

4 Бул токтом ЖМКларга жарыялансын.

5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Э.Б.Ирискулбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев