Редакцияот 26.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 26-июну № 121

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23 –июнундагы №80 "2010- жылдын июнунда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад обустарында кайгылуу окуялар учурунда инсандыгын күбөлөндүргөн паспортторун же документтерин жоготкон жарандардын Референдумга катышуусуна укуктардын кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Декретинин ченемдерин түшүндүрүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-июнундагы №80 "2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Ош жана Жалал- Абад облустарында кайгылуу окуялар учурунда инсандыгын күбөлөндүргөн паспортторун же документтерин жоготкон жарандардын референдумга катышуусуна укуктардын кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Декретин бир түрдүү, так жана кынтыксыз аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги №19 «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө» Декретинин 4-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-июнундагы №80 Декретинин ченемдери 2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында кайгылуу окуялар учурунда инсандыгын күбөлөндүргөн паспортторун же документтерин жоготкон Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Ош шаарында, Ош жана Жалал -Абад ща облустарында гана добуш берүүдө жайылтыла тургандыгы жөнүндө референдум комиссияларына Түшүндүрмө бекитилсин.

2 Бул токтом бардык деңгээлдеги референдум комиссияларына тез арада маалымдалсын

3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев