Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 1-июлу № 124
А.Бейшенов жана Калыбек улуу Нурбектин арыздарын карап чыгуу жөнүндө
А.Бейшенов жана Калыбек улуу Нурбектин №398 участкалык референдум комиссиясынын торагасынын мыйзамсыз аракеттерине жана аракетсиздигине жазган арызын карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 29-пунктчасына ылайык, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 51-беренесинин 3-пунктунун, «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» кодексинин 54-беренесинин 2-6-пункттарынын жана КР БШК мүчөсүнүн маалымкатынын инде Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум уү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Бейшенов жана Калыбек улуу Нурбектин кайрылуусу, ошондой эле көтөрүлгөн маселелерди карап чыгуу жана арыз берүүчүлөрдүн 2010-жылдын 13-июндагы аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн Аламүдүн райондук референдум комиссиясынын жыйналышынын №7 протоколу Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасына жөнөтүлсүн.
2 Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.А.Скрипкинага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |