Редакцияот 01.07.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 1-июлу № 126

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» коомдук бирикмесинен арыздарды кароо жөнүндө

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» коомдук бирикмесинен Бишкек шаарында жайгашкан №№1004,1005,1006 участкалык референдум комиссияларынан 2010-жылдын 27-июнунда Ош базарында кочмо референдум комиссиялары (урналар) уюштурулгандыгы жөнүндө арызын карап чыгып жана "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 40-беренесине  жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын 5-беренесинин 1-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) Бишкек шаарынын Ленин районундагы №№1004, 1005, 10.06 добуш берүү участкаларындагы жыйынтыктары жокко чыгарылсын.

2 Арыз ээсине жазуу жүзүндө жооп жөнөтүлсүн.

3 Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү М.Ж.Жанжалбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев