ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 126 «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» коомдук бирикмесинен арыздарды кароо жөнүндө» токтому

Редакция01.07.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 1-июлу № 126

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» коомдук бирикмесинен арыздарды кароо жөнүндө

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» коомдук бирикмесинен Бишкек шаарында жайгашкан №№1004,1005,1006 участкалык референдум комиссияларынан 2010-жылдын 27-июнунда Ош базарында кочмо референдум комиссиялары (урналар) уюштурулгандыгы жөнүндө арызын карап чыгып жана "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 40-беренесине  жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын 5-беренесинин 1-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) Бишкек шаарынын Ленин районундагы №№1004, 1005, 10.06 добуш берүү участкаларындагы жыйынтыктары жокко чыгарылсын.

2 Арыз ээсине жазуу жүзүндө жооп жөнөтүлсүн.

3 Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү М.Ж.Жанжалбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев