Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 16-майындагы № 98 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 19-марты № 27
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-декабрындагы № 250, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык азыркы чек араларында кол тийгис жана бөлүнгүс.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруунун укуктук негиздерин белгилейт жана бекемдейт.
I. Жалпы жоболор
1-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы (мындан ары - мамлекеттик чек ара) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аймагынын (кургак жеринин, сууларынын, жер казынасынын жана аба мейкиндигинин) чектерин аныктаган тилке жана ал тилке боюнча тигинен өтүүчү үстүңкү бет, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү өкүм сүргөн мейкиндик чеги болуп саналат.
2-статья. Кыргыз Республикасынын чек ара саясаты
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү жана мурдагы СССРге карата жарыяланган укукту мурастоого негизделген мамлекеттик чек аралардын кол тийгистигин өз ара урматтоонун эл аралык принциптерине негизденип:
- мамлекеттик чек араны Кыргыз Республикасы эгемендүү толук укуктарга ээ экендигин ырастаган аймактын (кургак жер, суу, жер казынасы, аба мейкиндиги) мейкиндик чектерин юридикалык жактан бекемдеген тилке катары карайт;
- Кыргыз Республикасы менен мурдагы ССР Союзунун республикаларынын администрациялык-аймактык чектелүүсү жөнүндө актыны кошуп алганда, ушул Мыйзам күчүнө кирген күнү эл аралык келишимдер менен белгиленген өз мамлекеттик чек арасынын өтүүсүн ырастайт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын өтүүсүн белгилөөдө жана өзгөртүүдө, башка канатташ мамлекеттер менен чек арадагы укуктук мамилелерин сактап турууда, Кыргыз Республикасынын чек ара райондорунда (акваторияларында) жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы эл аралык катнаш жолдорунда укуктук мамилелерди жөнгө салууда Кыргыз Республикасынын коопсуздугун жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу максаттарын, канатташ мамлекеттер менен өз ара пайдалуу ар тараптуу кызматташтыктын таламдарын, чек ара маселелерин тынчтык жолу менен, зомбулук көрсөтпөстөн чечүү принциптерин жетекчиликке алат;
- мамлекеттик чек ара тартибин белгилөөнү жана мурдагы ССР Союзунун республикалары менен аны кайтаруу ишин координациялайт.
3-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, мамлекеттик чек аранын өтүүсүн белгилөөнүн жана өзгөртүүнүн жана аны белгилеп көрсөтүүнүн тартибин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын түзүлүшүн, чек ара тартибин жана өткөрүү пункттарындагы тартипти күтүүнүн тартибин аныктайт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жагындагы мамилелерди жөнгө салат. Алар ушул Мыйзамдан жана ага ылайык чыгарылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын жана башка эл аралык укуктук актылардын негизинде түзүлөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишимдерге карама-каршы келген учурда эл аралык келишимдер колдонулат.
4-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы мамлекеттик тутумунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналат жана саясий, аскердик, укуктук, уюштуруу, экономикалык, экологиялык, техникалык, оперативдүү жана башка чаралардын тутумун төмөнкүлөр боюнча ишке ашыруудан турат:
- Кыргыз Республикасынын белгиленген мамлекеттик чек арасын укукка каршы, зомбулук менен өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагындагы чек арага жамаатташ участокторду канатташ мамлекеттердин же алардын жарандарынын мыйзамсыз пайдаланышына (өздөштүрүшүнө) жол бербөө;
- юридикалык жана жеке жактардын эл аралык келишимдер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына карата укуктук мамилелерди сакташын камсыз кылуу, мындай укуктук мамилелерди бузган кылмыштарга жана администрациялык жосундарга каршы күрөшүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын ички жана тышкы кол салуудан коргоо.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кургак жерде, дарыяларда жана башка көлмөлөрдө кайтаруу Кыргыз Республикасынын чек ара кызматына, ал эми аба мейкиндигинде - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлөт. Мамлекеттик чек араны кайтарууга башка министрликтер, мамлекеттик комитеттер менен администрациялык ведомстволор да Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде катышат.
II. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара тилкесин орнотуу, өтүүсүн өзгөртүү жана белгилөө
5-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара тилкесин орнотуу жана өтүүсүн өзгөртүү
Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара тилкеси:
- кургак жерде - мүнөздүү чектер жана рельефтин тилкелери же жакшы көрүнгөн багыттар боюнча;
- дарыяларда (өзөндөрдө) - алардын ортосу боюнча же дарыянын негизги нугунун ортосу боюнча;
- көлмөлөрдө - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы өткөн жерлерди бириктирген түз тилке жана көлмөнүн жээктери боюнча;
- гидротүйүндөрдүн суу сактагычтарында жана башка жасалма көлмөлөрдө - алар толтурулганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына ылайык өткөн орундар боюнча;
- дарыялардагы (өзөндөрдөгү) чек ара участоктору аркылуу өткөн темир жол жана автомобиль жолдорунун көпүрөлөрүндө, суу тосмолорунда жана башка курулуштарда-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы суу боюнча өтүшүнө карабастан, ал курулуштардын ортосу же алардын технологиялык нугу боюнча белгиленет.
Чек арага жамаатташ тилкеде, анын ичинде чек ара сууларында болушу мүмкүн болгон ар кандай табигый өзгөрүүлөр мамлекеттик чек аранын белгилеринин жоболоруна кандайдыр-бир өзгөртүүлөрдү кийирүүгө алып келбейт.
Кыргыз Республикасынын ички сууларына дарыялардын суулары жана жээктери Кыргыз Республикасына таандык болгон башка көлмөлөрдүн суулары кирет.
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде чек ара белгилерин кайталап орнотуу тартибинде жүргүзүлгөн жер (суунун үстү) менен өткөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын тактоо жөнүндөгү документтер Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланууга тийиш.
6-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын белгилөө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жер бетинде жакшы көрүнүп туруучу чек ара белгилери менен белгиленет.
Чек ара белгилеринин формасы, өлчөмү, аларды сүрөттөө жана орнотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен аныкталат.
III. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын иштөө тартиби
7-статья. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарын ачуу
Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары канатташ чет мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы менен макулдашуу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан орнотулат.
Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарын ачуу Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы, ошондой эле мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында контролдукту камсыз кылууга катышуучу бажы жана башка органдар менен макулдашылган долбоор боюнча имарат-жайларды, курулуштарды куруп, жабдып жана пайдаланууга бергенден кийин жүргүзүлөт. Аталган обьекттерди куруу жана жабдуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы № 739 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому
8-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын иштөө тартибин аныктоо
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын иштөө тартиби Кыргыз Республикасы менен канатташ мамлекеттердин чек арадагы өз ара мамилелери менен байланышкан бардык маселелерди жөнгө салуу максатында белгиленет. Ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүнүн тартибин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын күтүүнү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына түздөн-түз жакын жерде ар кандай иштерди, аңчылык жана башка ишкердикти жүргүзүүнү жөнгө салат. Мамлекеттик чек аранын иштөө тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн актылары жана эл аралык келишимдер менен аныкталат.
9-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын күтүү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын күтүү мамлекеттик чек арага белгилерди орнотуу жөнүндөгү актыга жана жер бетинде анын өтүшүн аныктаган башка документтерге ылайык жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен белгиленбеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын күтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана канатташ мамлекеттер менен келишим аркылуу бекемделүүгө тийиш.
10-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу темир жол, автомобиль, аба жана башка катнаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу өткөрүү пункттарында жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын, бажынын жана мамлекеттик чек арага контролдук кылуучу башка мекемелердин контролдоо-өткөрүү пункттары түзүлөт.
Аба кемелери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан ушул Мыйзамга жана ага ылайык чыгарылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын маселелери боюнча башка ченемдик укуктук актыларына ылайык учуп өтүүнүн атайын бөлүнгөн аба тилкелери аркылуу өтөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын аба тилкесинен тышкары учуп өтүүгө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын уруксаты менен гана жол берилет.
11-статья. Аскердик эмес аба кемелеринин учуп чыгуусу (чыгышы), конуусу (кириши)
Кыргыздын жана чет өлкөлүк аба кемелеринин Кыргыз Республикасынан учуп чыгуусу, ошондой эле Кыргыз Республикасына конуусу эл аралык учуулар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ачылган, Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын жана бажы мекемелеринин контролдоо-өткөрүү пункттары бар аэропорттордо (аэродромдордо) жүргүзүлөт. Аба кемелеринин учуп чыгышынын жана конуусунун башкача тартиби Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк учуучу аппараттардын ар кандай аңчылык, изилдөө жана иликтөө иштери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын уруксаты менен же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде жүргүзүлгөндөн тышкары учурларда тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын ички сууларында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын чечими менен кыргыздын жана чет өлкөнүн аскердик эмес кемелеринин сүзүп жүрүүсүнө жана болуусуна тыюу салынган райондор белгилениши мүмкүн.
Мындай райондорду аныктоо жөнүндө белгиленген тартипте жарыя кылынат.
Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эл аралык катнаш үчүн ачылбаган Кыргыз Республикасынын аэропортторуна (аэродромдоруна) чет өлкөлүк жана жергиликтүү аба кемелерин кондурууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эл аралык катнаш үчүн ачылбаган порттордон (аэропорттордон жана аэродромдордон) кыргыздын аба кемелеринин чет өлкөгө карай чыгышына (учуп чыгышына); өткөрүү пункттарынан тышкары жерлерге транспорт каражаттарынын токтошуна, элдерди, жүк жана малды түшүрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана эл аралык актылардын ченемдери менен тыюу салынган башка аракеттерди жасоого.
Бөөдө кырсык, алаамат жана апаат болгондо, ошондой эле коркунучка же кыйроого кабылган адамдарга, учуучу аппараттарга жардам көрсөткөндө чек араны аргасыз кесип өтүү учурлары бул эрежелерге кирбейт.
12-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдөгү контроль
Адамдар, транспорт каражаттары, жүк жана башка мүлк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөндө чек ара жана бажы контролуна алынат. Санитардык-карантиндик, ветеринардык, фитосанитардык жана контролдун башка түрлөрүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
13-статья. Адамдарды, транспорт каражаттарын, жүк жана башка мүлктү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдарды өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген Кыргыз Республикасына кирүүгө же Кыргыз Республикасынан чыгууга укук берген тиешелүү документтер боюнча жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу транспорт каражаттарын, жүк жана башка мүлктөрдү өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, жүк, башка мүлктү өткөрүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби орнотулушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасына кирүүгө уруксат берилбеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынан чыгууга тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган адамдар мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүгө тийиш эмес.
Мамлекеттик чек арадан өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- чек ара контролун (Кыргыз Республикасына кирүүгө же Кыргыз Республикасынан чыгууга укук берген документтерди текшерүүнү, мамлекеттик чек араны кесип өтүү эрежелерин бузуучуларды табуу максатында транспорт каражаттарын карап көрүүнү жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка аракеттерди жүзөгө ашырууну);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таризде жана тартипте өткөрүлүп жаткан жүктөргө, товарларга, транспорт каражаттарына жана жаныбарларга карата бажы контролун.
(КР 2011-жылдын 22-декабрындагы № 250 , 2014-жылдын 29-декабрындагы № 170 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына өтө жакын жерлерде чарбалык иштерди жүргүзүүнүн тартиби
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына өтө жакын жерлерде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет өлкөлүк жарандардын чарбалык, аңчылык жана башка иштерди, анын ичинде биргелешкен иштерди жүргүзүшү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык келишимдерине ылайык жүргүзүлөт.
Жогоруда аталган иштер:
- Кыргыз Республикасынын, канатташ жана башка чет мамлекеттердин калкынын ден соолугуна, экологиялык жана башка коопсуздугуна зыян келтирбеши же андай зыян келтирүүгө коркунуч туудурбашы;
- мамлекеттик чек ара эрежесине жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын күтүүгө бөгөт түзбөшү керек.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында чарбалык иштердин бардык түрлөрүн жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
15-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара тартибин бузуучулар
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара тартибин бузуучулар деп төмөнкүлөр таанылат:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын күтүүнүн, мамлекеттик чек арада ар кандай иштерди, аңчылык жана башка иштерди жүргүзүүнүн тартибин бузган адамдар;
- мамлекеттик чек ара аркылуу карым-катышта болуу менен чек арада ар кандай иштерди, аңчылык жана башка иштерди жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүнүн тартибин бузган же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан белгиленбеген жерден өткөн адамдар;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында аэрофото сүрөткө тартууда жана башка иштерде учуулардын эрежесин жана тартибин бузган Кыргыз Республикасынын жана канатташ мамлекеттердин аба кемелери жана башка учуучу аппараттары.
16-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын бузуучулар
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын бузуучулар деп төмөнкүлөр таанылат:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынан тышкары же өткөрүү пункттары аркылуу, бирок андан өтүүнүн белгиленген эрежелерин бузуу менен ар кандай ыкма менен өткөн же өтүүгө аракет кылган адамдар;
- Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз чыгып кетүү максатында чет өлкөгө бараткан кыргыз же чет өлкөлүк унаа каражаттарына түшүп алган же түшүүгө аракет кылган адамдар;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан тийиштүү уруксаты жок өткөн же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу учуп өтүү эрежелерин бузган аба кемелери жана башка учуучу аппараттар.
Тийиштүү уруксаты болбостон же белгиленген тартипти бузуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан ар кандай техникалык жана башка каражаттар менен өтүү аны бузуу болуп саналат.
17-статья. Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара тартибин күтүү менен байланышкан маселелерди чечүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын белгилүү участкаларында чек ара чатактарын жөнгө салуу үчүн белгиленген тартипте чек ара кызматынын офицерлеринин ичинен Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү дайындалат.
Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү ушул Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү жөнгө салбаган маселелер дипломатиялык каналдар аркылуу чечилет.
IV. Чек ара тартиби
18-статья. Чек ара зонасы жана чек ара тилкеси
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында талаптагыдай тартипти сактап туруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чек ара зонасы жана чек ара тилкеси белгиленет.
Чек ара зонасы - мамлекеттик чек арада талаптагыдай тартипти камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек арага жамаатташ райондун, шаардын, айылдын аймагынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген жер тилкеси.
Чек ара тилкеси - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында талаптагыдай тартипти камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген түздөн-түз мамлекеттик чек араны бойлогон жер тилкеси.
19-статья. Чек ара тартиби
Чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарандардын киришин, убактылуу болушун, жашашын, ары-бери жүрүшүнүн жана иш аткарышынын жол-жобосун жөнгө салган чек ара тартиби орнотулат.
20-статья. Чек ара зонасына жана чек ара тилкесине кирүү
Чек ара зонасында туруктуу жашабаган адамдарга, эгерде башкача тартип каралбаса, ички иштер органдарынын уруксатысыз ага кирүүгө тыюу салынат.
Чек арадагы дарыялардын жана башка көлмөлөрдүн сууларынын кыргыз бөлүгүндөгү чек ара зонасына Кыргыз Республикасынын чек ара райондорунун калкынын кирүүсү, алардын ким экендигин тастыктаган документтер боюнча жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын жана мурдагы СССРдин башка мамлекеттеринин кызматтык сапарга, дарылоо мекемелерине, эс алуу үйлөрүнө, туристтик базаларга бараткан калкы ким экендигин тастыктаган документ болгондо чек ара зонасына командировкалык күбөлүктөр жана жолдомолор, ал эми ошол аймакка таандык болгон кызмат адамдары кызматтык күбөлүктөр боюнча өтүшөт. Кызматтык көрсөтмө каттар, өткөрүү күбөлүктөрү, аскер кызматкерлеринин отпускалык билеттери да өткөрүүгө укук берген документ болуп саналат. Чек ара тилкесине кирүүгө, убактылуу болууга, жашоого жана иш аткарууга уруксатты Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы берет.
Башка мамлекеттердин калкы чек ара зонасына эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары берген өткөрмөлөр боюнча киришет.
21-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына өтө жакын жерлерде чарбалык, аңчылык жана башка иш аткаруу, маданий жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу таламдарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы мамлекеттик чек арага жакын кургак жерлерде, чек ара сууларында жана башка көлмөлөрдө төмөнкүлөрдү өткөрүүнүн ордун, убактысын, катышуучулардын санын, ошондой эле аны уруксат берүүнүн өткөрүү тартибин аныктайт:
- жерлерди, токойлорду пайдалануу, тоо-кен иштерин, геологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү менен байланышкан чарбалык жана башка иштердин;
- гидрокурулуштарды жана сууну пайдалануунун башка түрдөгү курулуштарын куруу жана пайдалануу боюнча иштердин;
- мергенчилик, балык уулоо, башка аңчылык иштердин;
- маданий жана башка масcалык иш-чаралардын.
22-статья. Карантин тилкеси
Жугуштуу оорулардын мамлекеттик чек ара аркылуу өтүп кетишине жол бербөө максатында ветеринардык көзөмөл органдарынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы эпидемиологиялык жана эпизоотиялык кырдаалга жараша ишканаларга, уюмдарга жана жарандарга мамлекеттик чек араны бойлой кеткен жергиликтүү тилкеде (карантин тилкесинде) мал күтүүгө жана жаюуга тыюу салышы мүмкүн. Мамлекеттик чек арага өтө жакын жашаган (иштеген) жарандардын, ошондой эле карантин тилкесинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын бөлүктөрүнүн малын (үй жаныбарларын) күтүүгө жана жаюуга өзгөчөлүк берилет.
Карантин тилкеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Аны курчап тосууну аткаруу бийлигинин органдары, чарбалар жана ведомстволор камсыз кылат. Карантин тилкесиндеги ветеринардык тартип Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлиги же анын тапшыруусу боюнча чек ара областтарындагы ветеринардык көзөмөл органдары тарабынан аныкталат.
23-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы тартип
Мамлекеттик чек арада Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын, бажы жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында контролдукту камсыз кылуучу башка органдардын контролдоо-өткөрүү пункттарында кызматтык иши үчүн шартты камсыз кылуу таламында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү адамдардын жана транспорт каражаттарынын болушунун жана кыймылынын тартибин, ошондой эле мамлекеттик чек ара аркылуу адамдардын, транспорт каражаттарынын, жүк жана башка мүлктү өткөрүү менен байланышкан башка иштердин тартибин жөнгө салган тартипти орнотот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чек ара, бажы жана башка контролдук кылуу органдарынын иштөө шартын түзүү боюнча чараларды камсыз кылат.
Чек ара кызматы өткөрүү пункттарына бөтөн адамдардын кирүүсүнө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүсүнө жол бербөө максатында кошумча тартиптик эрежелерди киргизет.
V. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жагындагы укуктары жана милдеттери
24-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Чек ара райондорундагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруу органдары өз аймактарында:
- мамлекеттик чек араны кайтарууну жана анын тартибин камсыз кылууда чек ара кызматына көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу муктаждыктары үчүн жерди акысыз пайдаланууга берет, анын пайдаланылышына жана бул жерде Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышына контролдук кылат;
- чек ара кызматынын объекттерине, аскер кызматчыларына, жумушчуларга жана кызматчыларга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жашаган жерлерине карата укукка жат аракеттерге жол бербөө боюнча чара көрөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууга жарандарды ыктыярдуу негизде тартууга шарт түзөт жана көмөктөшөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бардык юридикалык жана жеке жактардын аткарышын камсыз кылат.
Чек ара райондорундагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери чарбалык маселелерди, анын ичинде канатташ тарап менен биргелешкен маселелерди чечүүдө чек аралык өкүлчүлүктүү аппараттардын ишине, мамлекеттик чек арадагы ишке катышат.
25-статья. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Президенти же анын тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
26-статья. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин коргоо
Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин коргоо боюнча милдеттери Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлөт.
27-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жагында юридикалык жактардын милдеттери
Уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар чек ара тилкесинде жана чек ара зонасында өз ишин жүргүзүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууда чек ара кызматына жана мыйзам тарабынан ыйгарым укук берилген башка органдарга жардамдашууга, алардын мыйзамдуу талаптарын аткарууга, алардын иши үчүн зарыл болгон маалыматты берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууга шарттарды түзүүгө, ага ыктыярдуу негизде өз кызматкерлерин, коомдук бирикмелердин мүчөлөрүн тартууга көмөктөшүүгө. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууга катышуусунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтарган аскерлер жана органдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде аныктайт.
28-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жагынан жарандардын милдеттери жана укуктары
Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле анын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын белгиленген тартибин, чек ара зонасынын жана чек ара тилкесинин тартибин сактоого, чек ара кызматынын жана чек ара зонасынын жана чек ара тилкесинин тартиптеринин сакталышына контролдук кылган органдардын талаптарын аткарууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын жарандары чек араны кайтаруу боюнча ыктыярдуу кошундардын курамында, ошондой эле чек ара аскерлеринин штаттан тышкаркы кызматкери катарында жана башка формада Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууга ыктыярдуу негизде катыша алат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууга жарандарды тартуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууга катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекет тараптан укуктук жактан корголууга акылуу.
Чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде жана мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү пункттарда жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген ченемдер милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
29-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууда Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы менен башка органдарынын чет мамлекеттердин тиешелүү органдары менен өз ара аракеттенүүсү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууга контролдук кылган чек ара кызматы жана башка органдары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен белгиленген тартипте чет мамлекеттердин тиешелүү органдары менен өз ара аракеттенүүнү уюштурат жана жүзөгө ашырат.
30-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Мамлекеттик чек араны, чек ара тартибин же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы тартипти бузган же бузууга аракет кылган, мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү, материалдарды, документтерди жана башка мүлктү мыйзамсыз алып өткөн же мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын башкача бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Чек ара кызматын өтөө эрежелерин бузууга жол берген Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын, ошондой эле мыйзамдуу негизде мамлекеттик чек араны кайтарууга тартылган башка куралдуу түзүлүштөрдүн аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Жарандар Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча функцияларды аткарган башка аскерлер менен органдардын өкүлдөрүнөн өз укуктары менен эркиндиктери эмнеге чектелгендиги боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча функция аткарып жаткан кызмат жана башка адамдардын, органдардын аракеттерине укугу бузулган адам мыйзамда белгиленген тартипте даттана алат.
VI. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууну ресурстук камсыздоо
31-статья. Мамлекеттик чек араны кайтарууну каржылык камсыз кылуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууну каржылык камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жер, материалдык-техникалык фонддорунун ыктыярдуу мүчөлүк акыларынын эсебинен каржыланат. Көрсөтүлгөн каражаттардын көлөмү, аларды бөлүү жана пайдалануу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
32-статья. Мамлекеттик чек араны кайтарууну адам ресурстары менен камсыздоо
Мамлекеттик чек араны кайтаруу жалпыга бирдей аскерге милдеттүүлүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жана контракттык негизде чакырылган контингенттеги адам ресурстары менен камсыз кылуу аркылуу жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын чек ара кызматын аскер кызматчылары менен толуктоо жана алардын кызмат өтөөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
33-статья. Корутунду жоболор
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунушту даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын кароосуна киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |