Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 29-декабры № 170
Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексинин редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
2-берене.
(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
3-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статьянын 4-бөлүгүндө "мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Салык кодекси" деген сөздөр "жана бажы мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби Салык кодекси, Бажы бирлигинин бажы кодекси жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 7, 367-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
13-статьянын 5-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |