КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 22-июлу № 133
Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" № 19 декретинин 5-, 6- пункттарына, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 11-беренесинин 1-, 5-пункттарына, 10-берененин 1-пунктунун 7-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн убактылуу тартиби бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасында жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |