ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 «Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция22.07.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ  ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 22-июлу № 133

Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" № 19 декретинин 5-, 6- пункттарына, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 11-беренесинин 1-, 5-пункттарына, 10-берененин 1-пунктунун 7-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн убактылуу тартиби бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасында жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев