Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 22-июлу №134
Облустук,Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди тандоо үчүн чүчүкулак өткөрүү боюнча Комиссияны түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги №19 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Декретинин 5-,6-пункттарына, Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кодекстин 11-беренесинин 1,5-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлдагы №133 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди тандоо үчүн чүчкулак өткөрүү боюнча Комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
1) А.М.Мамараимов - комиссиянын жетекчиси;
2) Ж.А. Акматов - комиссиянын мүчөсү;
3) Н.Т.Шерипов - комиссиянын мүчөсү.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |