Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 26-июлу № 137
Облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын төрагалары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" № 19 Декретинин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 11-беренесинин 1-, 5-пункттарына, 2010-жылдын 22-июлундагы КР БШКнын № 133 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын төрагалары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Мадалиев Акжол Абдуваитович - Баткен облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Аламанов Чокон Кадырович - Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы, Козуев Бакыт Садыкович - Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Барыктабасов Жоомартбек Апасович - Ысык Көл облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Аскаров Алмаз Карыпбекович - Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Мамытов Жамшит Мамытович Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы, Карымшакова Саткынай Низамовна - Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы, Исбасарова Гүлнара Кадырбековна - Талас облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы, Молдобаев Тургунбек Туйтенович - Чүй облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы.
2. Облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын төмөнкү төрагалары ээлеген кызмат орундарынан бошотулсун:
Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын - Жуков Михаил Александрович;
Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясынын - Ашимов Нурмамат Ашимович;
Ысык-Көл облустук шайлоо комиссиясынын - Бозгорпоев Баттал Усенакунович;
Нарын облустук шайлоо комиссиясынын - Тиленчиева Майрамкүл Бекчороевна;
Ош шаардык шайлоо комиссиясынын - Пайзилдаев Мухтар Пайзилдаевич;
Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы- Маматоморов Амат Маматоморович;
Талас облустук шайлоо комиссиясынын - Жусупбеков Жантош Жолдошбекович;
Чүй облустук шайлоо комиссиясынын - Иманбекова Рахат Абдрасуловна.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |