Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-августу № 139
Облустук,0ш шаардык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 16-беренесинин 3-пунктуна, 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы №133 токтому менен бекитилген, Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин 2-пунктунун 11-абзацына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 15-июнундагы №15 токтому менен бекитилген, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек, Ош шаардык комиссиялары тууралуу Жобонун 2.11-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Облустук, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясы боюнча:
- Жалал-Абад ш., № 1 кесиптик лицейинин жарандарынын чогулушунан көрсөтүлгөн Камыт кызы Гүлкайыр комиссиянын курамында калтырылуу менен комиссиянын катчылык кызматынан бошотулсун;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Атамбекова Миргүл Нишановна катчы болуп дайындалсын.
Нарын облустук шайлоо комиссиясы боюнча:
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Бектурова Алтын Акматовна курамдан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Мурзакматова Айгүл Сапарбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Ош облустук шайлоо комиссиясы боюнча:
- «Ак-Шумкар» партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Маматалиев Акмат курамдан чыгарылсын;
- «Тынчтыктын, демократиянын жана өнүгүүнүн коомдук фондунун» жарандарынын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Мамасалиева Айжаркын Манаповна курамдан чыгарылсын;
- Гүлчө айылынын Бесценная көчөсүнүн жарандарынын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Толубаев Бостонбай;
- «Туран» партиясынан көрсөтүлгөн Маматов Төлөгөн Абдураимович резервден комиссиянын курамына киргизилсин;
- Ноокат райондук бейтапкананын эмгек жамаатынын жарандарынын чогулушунан көрсөтүлгөн Бобулов Акматали Маматович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
- Жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Тилаев Шарапбай резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Ош шаардык шайлоо комиссиясы боюнча:
- «Караль» ЖЧКнын жарандарынын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Нурматова Розихон Саттаровна курамдан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Матисаков Жумакадыр Кубатбаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Талас облустук шайлоо комиссиясы боюнча:
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Муратов Жоробек курамдан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Тургунбаев Асылбек Сүйүнтбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |