Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-августу № 142
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планы жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы №93 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоону уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлонуу даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календардык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлонуу даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календардык планы брошюра түрүндө 7000 (жети миң) нуска басып чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын сайтында жайгаштырылсын.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Мамараимов Абдумомун Маткалыковичке жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |