ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-августундагы № 142 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планы жөнүндө» токтому

Редакция09.08.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 9-августу № 142

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планы жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы №93 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоону уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1     Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлонуу даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календардык планы бекитилсин (тиркелет).

      2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлонуу даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календардык планы брошюра түрүндө 7000 (жети миң) нуска басып чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын сайтында жайгаштырылсын.

     3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Мамараимов Абдумомун Маткалыковичке жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев