Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-августу№ 143
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 13- пунктчаларына ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-, 12- пунктучаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо документтеринин төмөнкү формалары жана үлгүлөрү бекитилсин:
1.Саясый партиялардан документтерди кабыл алуу жөнүндө №1 маалымкат (№1тиркеме)
2. Саясый партиядан документтерди кабыл алуу жөнүндө №2 маалымкат (№2тиркеме)
3. Саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү болууга макулдук берүү жөнүндө арыз (№3 тиркеме).
4. Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн тизмелеринин формасы (№ 4 тиркеме).
5. Саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү (№5 тиркеме)
6. Саясый партиядан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкердин күбөлүгү (№6 тиркеме)
7. Саясый партиядан талапкерлердин тизмесинин курамында добушка коюлууга макулдугу жөнүндө арыз (№ 7 тиркеме).
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жөнүндө депутаттыкка талапкердин арызы (тиркеме№8)
9. Саясый партиянын ишенимдүү адамдарды дайындоо жөнүндө саясый партиянын сунушу (№9 тиркеме).
Төрага | А.Сариев |