ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-августундагы № 143 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция09.08.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 9-августу№ 143

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 13- пунктчаларына ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-, 12- пунктучаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо документтеринин төмөнкү формалары жана үлгүлөрү бекитилсин:

1.Саясый партиялардан документтерди кабыл алуу жөнүндө №1 маалымкат (№1тиркеме)

2. Саясый партиядан документтерди кабыл алуу жөнүндө №2 маалымкат (№2тиркеме)

3. Саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү болууга макулдук берүү жөнүндө арыз (№3 тиркеме).

4. Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн тизмелеринин формасы (№ 4 тиркеме).

5. Саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү (№5 тиркеме)

6. Саясый партиядан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкердин күбөлүгү (№6 тиркеме)

7. Саясый партиядан талапкерлердин тизмесинин курамында добушка коюлууга макулдугу жөнүндө арыз (№ 7 тиркеме).

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жөнүндө депутаттыкка талапкердин арызы (тиркеме№8)

9. Саясый партиянын ишенимдүү адамдарды дайындоо жөнүндө саясый партиянын сунушу (№9 тиркеме).

 

Төрага

А.Сариев