Редакцияот 10.08.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ  ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 10-августу № 145

Саясый партиялардан шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу жөнүндө

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Саясый партиялардан шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Саясый партиялардан шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу түзүлсүн.

3. Жумушчу топтун жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматов бекитилсин.

 

Төрага

А.Сариев