ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 10-августундагы № 145 «Саясый партиялардан шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу жөнүндө» токтому

Редакция10.08.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ  ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 10-августу № 145

Саясый партиялардан шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу жөнүндө

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Саясый партиялардан шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Саясый партиялардан шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу түзүлсүн.

3. Жумушчу топтун жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматов бекитилсин.

 

Төрага

А.Сариев