Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 28-июлундагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготкон

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 17-августу № 160

Шайлоону маалыматтык жактам камсыз кылуу жөнүндө

«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин ченемдерин бир түрдүү колдонуу жана шайлоону маалыматтык жактан камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди токтоосуз чечүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Шайлоону маалыматтык жактан камсыз кылууга контролдук кылуу боюнча Жумушчу топ жөнүндө Жобо бекитилсин.

2 Шайлоону маалыматтык жактан камсыз кылууга контролдук кылуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.С.Ли бекитилсин.

3. Шайлоону маалыматтык жактан камсыз кылуу жөнүндө Нускама жаңы редакциясында бекитилсин (тиркелет).

4. Шайлоону маалыматтык жактан камсыз кылуу жөнүндө Нускама мамлекеттик жана расмий тилдерде миң (1 000) нускада басып чыгарылсын.

5 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо маалыматтык жактан камсыз кылуу тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 13-августундагы №154 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

7 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.С.Лиге жүктөлсүн

 

Төрага

А.Сариев