Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-июлу № 82
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды маалымдоо жана жарандардын маалыматтарды алууга жана таратууга укуктарынын кепилдиктери жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө эл аралык шайлоо стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайыктуулукта демократиялык башталыштарды чыңдоо, шайлоо тутумуна жана шайлоо институтуна карата коомдук ишенимди жогорулатуу, шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын маалыматтык кепилдиктерин камсыз кылуу, шайлоочулардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүн жана шайлоонун айкындуулугун камсыз кылуу максатында шайлоочуларды жана шайлоонун башка катышуучуларын маалымдоонун тартибин жана шарттарын регламенттөөнүн зарылчылыгын, жарандардын маалыматтарды алууга жана таратууга укуктарынын кепилдиктерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесине ылайык“ Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды маалымдоо жана жарандардын маалыматтарды алууга жана таратууга укуктарынын кепилдиктери жөнүндө” Жобо бекитилсин.
2. “Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 17-августундагы № 160 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.Б. Бапановага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
|