Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 23-августу № 168
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 13-пунктчасына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо документтеринин төмөнкү формалары жана үлгүлөрү бекитилсин:
а) шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш берүү укугу бар төрагасынын (катчысынын, мүчөсүнүн) күбөлүгү (№1 тиркеме).
б) шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш берүү укугу бар мүчөсүнүн күбөлүгү (№2 тиркеме).
в) тизмеден чыгуу күбөлүгүнүн формасы (№3 тиркеме).
г) билдирүүнүн формасы (№ 4 тиркеме).
2. Бекитилген документтер разнарядкага ылайык " Учкун" ААКнын басмаканасында даярдалсын (разнарядка тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |