ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 23-августундагы № 168 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция23.08.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 23-августу № 168

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 13-пунктчасына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо документтеринин төмөнкү формалары жана үлгүлөрү бекитилсин:

а) шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш берүү укугу бар төрагасынын (катчысынын, мүчөсүнүн) күбөлүгү (№1 тиркеме).

б) шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш берүү укугу бар мүчөсүнүн күбөлүгү (№2 тиркеме).

в) тизмеден чыгуу күбөлүгүнүн формасы (№3 тиркеме).

г) билдирүүнүн формасы (№ 4 тиркеме).

2. Бекитилген документтер разнарядкага ылайык " Учкун" ААКнын басмаканасында даярдалсын (разнарядка тиркелет).

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.Акматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев