Редакцияот 23.08.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 23-августу № 170

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 72-беренесинин 5-пунктун колдонуу боюнча түшүндүрмө тууралуу

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 72-беренесинин 5-пунктун бир түрдүү колдонуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 72-беренесинин 5-пунктун колдонуу боюнча Түшүндүрмө бекитилсин

2.    Бул токтом "Эркин -Тоо" газетасында жарыялансын

 

Төрага

А.Сариев