ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 23-августундагы № 170 «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 72-беренесинин 5-пунктун колдонуу боюнча түшүндүрмө тууралуу» токтому

Редакция23.08.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 23-августу № 170

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 72-беренесинин 5-пунктун колдонуу боюнча түшүндүрмө тууралуу

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 72-беренесинин 5-пунктун бир түрдүү колдонуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 72-беренесинин 5-пунктун колдонуу боюнча Түшүндүрмө бекитилсин

2.    Бул токтом "Эркин -Тоо" газетасында жарыялансын

 

Төрага

А.Сариев