Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун
2015-жылдын 28-июлундагы № 95 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 23-августу № 172
Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдарынын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускамага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010 жылдын 17августундагы № 163 токтому менен бекитилген "Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө" Нускамага төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
-8.1. пунктундагы - "жеке каражаттарынан же" деген сөз алып салынсын
-8.2.пунктундагы - "проценттеги" деген сөздөн кийин "добушун" деген сөз менен толукталсын;
-8.3. пункт - алып салынсын;
-8.4.пункт тийиштүү 8.3. пункту деп эсептелсин;
-9.7 пункт - алып салынсын.
2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Ж. Абдыкалыкову жүктөлсүн.
3 Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
Төрага | А.Сариев |