ТоктомКүчүн жоготту

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 23-августундагы № 172 «Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдарынын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускамага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Борборшайлоокомунун

2015-жылдын 28-июлундагы № 95 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 23-августу № 172

Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдарынын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускамага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010 жылдын 17августундагы № 163 токтому менен бекитилген "Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө" Нускамага төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

-8.1. пунктундагы - "жеке каражаттарынан же" деген сөз алып салынсын

-8.2.пунктундагы - "проценттеги" деген сөздөн кийин "добушун" деген сөз менен толукталсын;

-8.3. пункт - алып салынсын;

-8.4.пункт тийиштүү 8.3. пункту деп эсептелсин;

-9.7 пункт - алып салынсын.

2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Ж. Абдыкалыкову жүктөлсүн.

3 Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.

 

Төрага

А.Сариев