Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-августу № 181
Төмөн турган райондук жана шаардык шайлоо комиссияларына айрым ыйгарым укуктарды жүктөө жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 9-беренесинин 2-пунктунун 4- пунктчасына ылайык, райондук, шаардык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасына киргизилген, ошондой эле шайлоо жөнүндө Кодекстин 10-беренесинин 1- пунктунун 6-пунктчасында Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча округдук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары жүктөлөөрүн эске алып, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 13-беренесинин 2-,3-пункттарын көңүлгө алып, уюштуруу иштеринин арбын көлөмүнө байланыштуу, ошондой эле республика боюнча участкалык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча ишти иреттештирүү максатында, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жонүндө Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-,2-,3-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча милдеттер райондук, шаардык шайлоо комиссияларына жүклөлсүн.
2 Райондук. шаардык шайлоо комиссияларына алар түзүлгөндөн кийин 2 календарык күндөн кечиктирбестен участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана даректерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо тапшырылсын.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынан орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн
Төрага | А.сариев |