ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-августундагы № 181 «Төмөн турган райондук жана шаардык шайлоо комиссияларына айрым ыйгарым укуктарды жүктөө жөнүндө» токтому

Редакция27.08.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 27-августу № 181

Төмөн турган райондук жана шаардык шайлоо комиссияларына айрым ыйгарым укуктарды жүктөө жөнүндө

«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 9-беренесинин 2-пунктунун 4- пунктчасына ылайык, райондук, шаардык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасына киргизилген, ошондой эле шайлоо жөнүндө Кодекстин 10-беренесинин 1- пунктунун 6-пунктчасында Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча округдук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары жүктөлөөрүн эске алып, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 13-беренесинин 2-,3-пункттарын көңүлгө алып, уюштуруу иштеринин арбын көлөмүнө байланыштуу, ошондой эле республика боюнча участкалык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча ишти иреттештирүү максатында, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жонүндө Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-,2-,3-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча милдеттер райондук, шаардык шайлоо комиссияларына жүклөлсүн.

2 Райондук. шаардык шайлоо комиссияларына алар түзүлгөндөн кийин 2 календарык күндөн кечиктирбестен участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана даректерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо тапшырылсын.

3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынан орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн

 

Төрага

А.сариев