Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 19-марты № 60
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 5-статьяда:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү үчүн төмөндөгүдөй белгиленет:
а) 2 гектарга чейинки жер үлүшүнө ээ болгондор - өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 2024-жылга карата этап-этабы менен тариф ставкасын 4 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, ай сайын 0,5 пайыз өлчөмүндө:
- 2015-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 0,5 пайыз;
- 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 1 пайыз;
- 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 1,5 пайыз;
- 2021-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 2 пайыз;
- 2022-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 2,5 пайыз;
- 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз;
- 2024-жылдын 1-январынан тартып жана андан ары - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз;
б) 2 гектардан 10 гектарга чейинки жер үлүшүнө ээ болгондор - өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 2019-жылга карата этап-этабы менен тариф ставкасын 4 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, ай сайын 1 пайыз өлчөмүндө:
- 2015-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 1 пайыз;
- 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 1,5 пайыз;
- 2017-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 2 пайыз;
- 2018-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз;
- 2019-жылдын 1-январынан тартып жана андан ары - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз;
в) 10 гектарга жана андан көп жер үлүшүнө ээ болгондор - өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 2017-жылга карата этап-этабы менен тариф ставкасын 4 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, ай сайын 2 пайыз өлчөмүндө:
- 2015-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 2 пайыз;
- 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз;
- 2017-жылдын 1-январынан тартып жана андан ары - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.
Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жүзөгө ашырылат.";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Дыйкан (фермердик) чарбалар өз жерлерин ижарага бергенде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жерди ижарага берүүчү тарабынан ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдөрдө жана тартипте төлөнөт.";
- 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 5-1-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын:
"в) I жана II топтордогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.".
3. 6-статьяда:
1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери бирдиктүү салыктын же салык контрактынын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тутуму боюнча милдеттүү патентти сатып алуу жолу менен орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет. Мында камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен жүргүзүлөт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 9 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз.
2. Ыктыярдуу патент сатып алуу жолу менен атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлерди кошпогондо), ошондой эле, контейнерлерде, павильондордо, күркөлөрдө товар сатуу жолу менен рыноктордо ишин жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 2018-жылга карата этап-этабы менен тариф ставкасын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, ай сайын 4 пайыз өлчөмүндө белгиленет:
- 2015-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз;
- 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 6 пайыз;
- 2017-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 8 пайыз;
- 2018-жылдын 1-январынан тартып жана андан ары - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.";
- статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Лотоктордо, соода орундарында товар сатуу жолу менен рыноктордо ишкердикти жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 2018-жылга карата этап-этабы менен тариф ставкасын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 5 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, ай сайын 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет:
- 2015-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 2 пайыз;
- 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз;
- 2017-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз;
- 2018-жылдын 1-январынан тартып жана андан ары - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 5 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.";
3-пунктта:
биринчи жана экинчи абзацтарда "жеке ишкерлерди жана алардын" жеке ишкерлер жана алардын" деген сөздөр алып салынсын;
"б" пунктчасынын биринчи абзацы "пенсионер-кызматкерлерди" деген сөздөрдөн кийин "жана I, II топтогу майып-кызматкерлерди" деген сөздөр менен толукталсын;
"б-1" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"I жана II топтордогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын, - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө;";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Жеке ишкердик менен алектенген, анын ичинде рыноктордо иштеген Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын 3 пайыз өлчөмүндө Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө белгиленет.".
4. 7-статьяда:
1-пунктта:
биринчи абзацта "бул мүлктү кармоого кеткен чыгымдарды алып таштагандан кийинки калган кирешенин 9,25 пайызы өлчөмүндө, бирок орточо айлык эмгек акыдан кем эмес" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацта "8" деген цифра "9" деген цифрага алмаштырылсын;
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жер үлүшүнө же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөсү болуп саналбаган, же өзүнүн жер үлүшүн же анын бир бөлүгүн ижарага берүү менен киреше алган жеке жактар үчүн, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбаларынын жерлерин ижарага алган жеке жактар-ижарачылар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет.
3. Юридикалык жана жеке жактарга (айыл чарба продукцияларын өңдүрүү (өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы) боюнча айыл чарба кооперативдерин кошпогондо) Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлеринен (жайыттарды кошпогондо) жерлерди, токой фондусунун участокторун ижарага берүүдө, камсыздандыруу төгүмдөрү жерди, участокту ижарага алуучу тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.
Юридикалык жана жеке жактарга жайыттарды пайдалануу укугу берилгенде камсыздандыруу төгүмдөрү жайыт пайдалануучулар тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.";
4-пункттун биринчи абзацында "алган гонорарынан (сыйакысына) 9,25 пайыз'' деген сөздөр "орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 7-1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"I жана II топтордогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.".
6. 8-статьяда:
1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) иш берүүчүлөр жана жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү заказ берүүчүлөр үчүн:
а) эгерде эл аралык макулдашууларда камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн башка эрежелери каралбаса, кызматкерлердин жана жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулардын - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген эмгекке акы төлөөнүн, жумуштарга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөрдүн бардык түрлөрүнөн - ай сайын 17,25 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 15 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) I жана II топтордогу майып-кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 15,25 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 15 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
2) кызматкерлер жана жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн аткаруучулары үчүн:
а) пенсионер-кызматкерлерди жана жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн пенсионер-аткаруучуларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, алардын пайдасына чегерилген эмгек акы төлөөнүн, жумуштарга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнүн бардык түрлөрүнөн - 10 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 8 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;
б) пенсионер-кызматкерлер үчүн алардын пайдасына чегерилген эмгекке акы төлөөнүн, жумуштарга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнүн бардык түрлөрүнөн - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө;
в) ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер жана жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн аткаруучулары үчүн - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;
г) I жана II топтордогу майыптар үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.".
7. 9-статьяда:
1-пункттун "в" пунктчасында:
экинчи абзацта "2,75" деген цифралар "3,75" деген цифраларга алмаштырылсын;
үчүнчү абзацта "2 пайыз" деген сөз "1 пайыз" деген сөзгө алмаштырылсын;
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. 5-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчыларынан жана мүчөлөрүнөн, жеке жактардан:
- камсыздандырылган адамдардын өздүк камсыздандыруу эсебине - эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 90 пайыз.";
6-пункттун "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"б) 6-статьянын 2 жана 2-1-пункттарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдардын өздүк камсыздандыруу эсебине - эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 90 пайыз.";
7-пункттун экинчи абзацында "92,6 пайыз" деген сөздөр "эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 92,6 пайыз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 10-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Юридикалык жакты түзбөстөн ишти жүзөгө ашыруучу дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү, жер үлүшүнө же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөсү болбогон, же болбосо өзүнүн жер үлүшүн же анын бир бөлүгүн ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке жактар, ошондой эле жер участокторун (үлүшүн) ижарага берүүчү, айыл чарба продукцияларын (өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылык) өндүрүү боюнча айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөөнү кандай гана өлчөмдө болбосун, бирок төлөөчүнүн тиешелүү категориялары үчүн учурдагы жылга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин белгиленген ставкаларынан кем эмес камсыздандыруу полисин сатып алуу жолу жүзөгө ашыра алат.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын төлөөнүн жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнүн тартиби төмөнкүдөй белгиленет:
- юридикалык жакты түзбөстөн иштерин жүзөгө ашыруучу дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү үчүн жана жер үлүшүнө же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөлөрү болбогон же өзүнүн жер үлүшүн же анын бир бөлүгүн ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке жактар үчүн ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык;
- жер участокторун (үлүшүн) ижарага берүүчү, айыл чарба продукцияларын (өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылык) өндүрүү боюнча айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн ушул Мыйзамдын 5-1-статьясынын 2-пунктуна ылайык.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |