ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 4-сентябрындагы № 197 «Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерлерде шайлоону уюштуруу жана эл аралык байкоочулар менен иш алып баруу боюнча жумушчу топ жөнүндө» токтому

Редакция04.09.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 4-сентябры № 197

Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерлерде шайлоону уюштуруу жана эл аралык байкоочулар менен иш алып баруу боюнча жумушчу топ жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамынын 9-беренесинин 1-пунктунун 4-, 7-пунктчаларына, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 16-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерлерде шайлоону уюштуруу боюнча маселелерди чечүү жана эл аралык байкоочулардын шайлоого катышуусун уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерлерде шайлоону уюштуруу жана эл аралык байкоочулар менен иш алып баруу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жумушчу тобу түзүлсүн.

2.Жумушчу топтун жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Д. Баялинов бекитилсин.

3.Жумушчу топтун жетекчиси Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын торагасынын кароосуна жумушчу топтун сапаттык курамы боюнча сунуш киргизсин

 

Төрага

А.Сариев