Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 7-сентябры № 207
Нарын облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 16-беренесинин 1-, 3-пунктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы №133 токтому менен бекитилген "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин" 1-, 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы №15 токтому менен бекитилген "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары жөнүндө Жобонун" 2.5, 2.9-пунктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Нарын облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Дүйшө уулу Черикчи курамдан чыгарылсын;
-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Мамбеталиев Кыял Жумамүдүнович комиссиянын курамына резервден киргизилсин.
2.Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
3.Бул токтом дун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И
Төрага | А.Сариев |