Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 170
Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары2006-жылдын 7-августу № 149 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө 2006-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган I глава Жалпы жоболор 1-статья. Жөнгө салуу предмети Бул Мыйзам калктын эњ маанилүү турмуштук керектөөлөрүн камсыз кы-лууга керек болгон мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды укук-тук жактан жөнгө салуу, белгилөө жана колдонуу негиздерин аныктайт. 2-статья. Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндөгү мыйзамдарКыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамынан жана буларгаылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана башкаченемдик укуктук актылардан турат. Ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбес-тен жањы мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды белгилөөгө жолберилбейт. 3-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарт (мындан ары - социалдыкстандарт) - топтолгон мамлекеттик бюджеттен каржылоонун эсебинен камсызкылынуучу жана норма менен норматив түрүндө туюндурулуучу, жалпыга жет-киликтүү, акысыз жана жењилдетилген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жанатөлөмдөрдү берүүнүн кепилдиктеринин минималдуу дењгээли. Минималдуу керектөө бюджети - адамдын керектөөсүн жол берилген ми-нималдуу дењгээлде камсыз кылуучу азык-түлүк жана азык-түлүк эмес то-варлар менен тейлөө кызматтарынын наркын аныктоочу, мамлекет тарабынандайыма белгиленип туруучу көрсөткүч. Негизги социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөө нормасы - расмийбелгиленген жана милдеттүү деп табылган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүнтартиби, социалдык стандарттардын ишке ашырылышын камсыз кылуучу сапатже сан жагындагы көрсөткүч. Социалдык стандарттардын минималдуу бюджет менен камсыз кылынышы-нын нормативи - социалдык стандарттарды камсыз кылууга болгон бюджеттиккаражаттардагы керектөөнүн эсептешүү көрсөткүчү. Социалдык стандарттардын тутуму - социалдык чөйрөнүн ар түрдүүтармактарына белгиленген социалдык стандарттардын өз ара байланышканкомплекси. Жарандардын социалдык укуктары - жашоо тиричилигин камсыз кылуугакеректелүүчү негизги материалдык жыргалчылыктар менен кызматкөрсөтүүлөргө кепил болуучу укуктар; Социалдык чөйрө - жарандардын социалдык укуктарын ишке ашыруу бо-юнча мамилелердин тутумунун жөнгө салынышы. Жашоо дењгээли - калктын жашоо тиричилигине зарыл болгон ке-ректөөлөрүн камсыз кылуучу материалдык жана руханий жыргалчылыктар ме-нен кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйындысы. 4-статья. Социалдык стандарттарды белгилөөнүн милдеттери жана принциптери Социалдык стандарттарды белгилөө төмөндөгүдөй милдеттерди чечүүгөбагытталган: - мамлекет тарабынан жарандардын негизги материалдык жана руханийжыргалчылыгы менен тейлөө кызматтарына болгон керектөөлөрүнүн кепилдикберилген нормаларын аныктоо жана аларды этап-этап менен жогорулатуу; - бирдиктүү мамлекеттик социалдык саясат жүргүзүү жана региондорбоюнча материалдык жана руханий жыргалчылыктар менен тейлөө кызматтарыналууну камсыз кылуу шарттарын тењдештирүүнүн негизинде социалдык жактанөнүгүү дењгээлинин айрымачылыктарынын болушуна жол бербөө; - региондор боюнча калктын жашоо дењгээлин жана анын жогорулашыныншарттарын баалоо; - бюджеттик каражаттарды жана социалдык жактан кызматкөрсөтүүлөргө берилүүчү дагы башка каражаттарды пайдалануунун натыйжа-луулугун жогорулатуу; - калк муктаж болгон даректүү мамлекеттик колдоонун зарылдыгын не-гиздөө. Социалдык стандарттарды түзүүнүн жана колдонуунун негизги принцип-тери болуп төмөндөгүлөр эсептелет: - жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу; - социалдык стандарттардын мамлекеттик социалдык саясаттын негизгибагыттарына шайкеш келиши; - социалдык стандарттардын социалдык жана экономикалык жактан не-гизделгендиги; - чыњдалган мамлекеттик бюджетти түзгөн жана аткарган учурдагы со-циалдык чыгымдардын артыкчылыгы жана милдеттүүлүгү; - социалдык стандарттарды расмий белгилөөнүн мезгилдүүлүгү; - социалдык стандарттарды белгилөөнүн жана өзгөртүүнүн ачык-айкын-дуулугу; - мамлекеттик органдардын белгиленген социалдык стандарттарды сак-тоого жоопкерчилиги. II глава Социалдык стандарттардын түрлөрү жана тутуму 5-статья. Мамлекеттик социалдык стандарттардын түрлөрү Социалдык стандарттар жарандардын кепилдик берилген конституциялыкукуктарын ишке ашыруу тартибин жана көлөмүн регламенттеп туруучу нату-ралай, нарк, убакыт жана финансы жагындагы нормалар жана нормативдертүрүндө белгиленет. 6-статья. Социалдык стандарттардын тутуму Социалдык стандарттардын тутумуна социалдык чөйрөнүн төмөнкүдөйтармактарына белгиленүүчү социалдык стандарттар кирет: - саламаттык сактоо; - социалдык жактан коргоо; - билим берүү; -туракжай-коммуналдык тейлөө; - эмгекке акы төлөө жана эмгек мамилелери; - пенсия менен камсыз кылуу; - калкты жана жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылууга көмөккөрсөтүү; - экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу; - укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу; - дене тарбиясы жана спорт. 7-статья. Саламаттык сактоо жаатындагы социалдык стандарттар Саламаттык сактоо жаатындагы социалдык стандарттар төмөнкүлөрдүаныктоону көздөйт: - региондор боюнча мамлекеттик бюджеттен, милдеттүү медициналыккамсыздандыруу каражаттарынан бир жылда бир жашоочуга эсептелген сала-маттык сактоону каржылоонун минималдуу дењгээлин; - "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мына ылайык эки жылда бир жолу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынанбекитилүүчү турмуштук маанилүү дары-дармек каражаттарынын жана медици-налык багыттагы буюмдардын тизмегин; - Мамлекеттик кепилдиктердин программасы боюнча медициналык-сани-тардык жардам көрсөтүүнүн түрлөрүн, көлөмдөрүн жана шарттарын; - медициналык-санитардык жардам алган учурдагы жењилдикке укугубар категориядагы калктын тизмегин; - санаториялык-курорттук дарылануу алган учурдагы жењилдикке укугубар категориядагы калктын тизмегин. Саламаттык сактоону каржылоонун минималдуу дењгээли саламаттыксактоо секторун мамлекеттик бюджеттин, Милдеттүү медициналык камсыздан-дыруу (кошумча булактардын каражаттарын, анын ичинде тењ төлөөнү эсепкеалбаганда) каражаттарынын эсебинен каржылоо көлөмү менен аныкталат жанаэсептешүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик финансы органдарынын макулдугуменен саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда-ры тарабынан жүргүзүлөт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жакты-рылат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан тиешелүү фи-нансы жыл үчүн республикалык бюджет жана мамлекеттик социалдык камсыз-дандыруу органдарынын бюджети жөнүндө мыйзамдар каралганда бекитилет. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардамменен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасы калккаакысыз жана жењилдетилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүнтүрлөрүн, көлөмдөрүн жана шарттарын аныктайт, жыл сайын саламаттык сак-тоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чы-гат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартиптебекитилет. 8-статья. Социалдык жактан коргоо жаатындагы социалдык стандарттар Социалдык жактан коргоо жаатындагы социалдык стандарттартөмөнкүлөрдү аныктоону караштырат: - мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн эсептешүүкөрсөткүчтөрүн; - калкты социалдык жактан тейлөө мекемелеринин акысыз же жа-рым-жартылай акы төлөө менен социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегинжана керектөө нормативдерин; - ар түрдүү дењгээлдеги бюджеттерден калкты социалдык жактантейлөө мекемелерин каржылоонун нормативдерин; - мамлекеттик социалдык жардамга муктаж болгон жарандардын катего-рияларын. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн эсептешүү көрсөткүчтөрү азкамсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга социалдык жардам көрсөтүүүчүн социалдык стандарт катары колдонулат, мамлекеттик жөлөкпул тутумуаркылуу үй-бүлөнүн муктаж болуу даражасын иликтөөнү эсепке алуу мененалардын турмуштук зарыл муктаждыктарын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.Эсептешүү көрсөткүчтөрү минималдуу керектөө бюджетинин чыныгы жеткидейүлүшүн түзөт, ал мамлекеттин финансы-экономикалык мүмкүнчүлүгүнүнкењейишине жараша улам өсүп турууга тийиш. Мамлекеттик жөлөкпул дайын-доо үчүн эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн жана социалдык жактан коргоо жаа-тындагы дагы башка социалдык стандарттардын наркынын чоњдугу жыл сайынкалкты социалдык жактан коргоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органытарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан беки-тилет. Социалдык жактан тейлөө кызматтарынын тизмеси төмөнкүлөрдү өзүнөкамтыйт: - материалдык - турмуш-тиричилик жактан тейлөөнү; - тамактанууну, турмуш-тиричиликти жана бош убакытты пайдалануунууюштуруу боюнча тейлөөнү; - социалдык-медициналык, санитардык-гигиеналык тейлөөнү; - майыптарды протездик-ортопедиялык тейлөөнү, ошондой эле аларгатехникалык жана башка каражаттарды берүүнү; - майыптарды социалдык-эмгектик реабилитациялоо менен байланышканкызмат көрсөтүүлөрдү; - колунан келүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен майыптардын билималышын уюштурууга кызмат көрсөтүүлөрдү; - укуктук кызмат көрсөтүүнү; - каада-салт жагынан кызмат көрсөтүүнү. Калкка социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөр "Кыргыз Республикасындакалкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамына ылайык социалдык жактан тейлөөчү уюмдардын тармагы ар-кылуу жүргүзүлөт. Социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөрдү керектөө норма-тивдери адамдын кадимки жашоо тиричилиги үчүн турмуштук зарыл фактор-лорду баалоонун чен-өлчөмдөрүнөн куралат. Социалдык жактан тейлөө мекемелерин каржылоонун нормативдери Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Социалдык жардамга муктаж болгон жарандардын категориялары, ошон-дой эле социалдык жагындагы кызматтар акысыз же жарым-жартылай акытөлөнүү менен көрсөтүлө турган адамдар социалдык жактан тейлөө жөнүндөколдонуудагы мыйзамдарда аныкталат. 9-статья. Билим берүү жаатындагы социалдык стандарттар Билим берүү жаатындагы социалдык стандарттар катары төмөндөгүлөрбелгиленет: - мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан мамлекеттик тапшырык-тын жана билим берүү стандарттарынын чегинде бардык дењгээлде билимберүүнүн нормасы катары акысыз жана жалпыга бирдей билим берүү жагында-гы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги, эгерде жаран бул дењгээлдеги билимдибиринчи жолу алып жаткан болсо; - негизги билим берүү программаларын камсыз кылуунун милдеттүү ми-нималдуу нормалары жана бардык дењгээлдеги билим алуучулардын окуужүктөмүнүн эњ жогорку көлөмү; - бүтүрүүчүнүн даярдыгынын дењгээлине жана окуп жатышкандардынбелгилүү бир билим берүү программаларын өздөштүрүшкөнүн тастыктоочу до-кументтердин формасына коюлуучу талаптардын нормалары; - жарандардын жалпыга бирдей жана мектепке чейинки билим берүү ме-кемелеринде, кесиптик орто жана кесиптик жогорку окуу жайларында акысызбилим алуу укуктарын ишке ашыруу тартиби жана формалары; - акысыз билим алуу укугунан пайдаланышкан кесиптик орто жана ке-сиптик жогорку билим берүү мекемелеринде окуп жатышкандардын санынын(үлүшүнүн) нормативдери; - ар кандай типтеги жана түрдөгү билим берүү мекемелерин материал-дык, кадр жана техникалык жактан камсыз кылуу нормалары жана норматив-дери; - билим берүү мекемелериндеги балдардын тамактануу нормалары; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон адамдарга акысызатайын билим берүү тартиби; - балдарды окуу китептери менен камсыз кылуунун нормативдери. Билим берүү жаатындагы социалдык стандарттар "Билим берүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат жана билим берүүнү баш-каруунун мамлекеттик борбордук органы тарабынан бекитилет. 10-статья. Турак жай-коммуналдык тейлөө жаатындагы социалдык стандарттар Турак жай-коммуналдык тейлөө жаатындагы социалдык стандарттар ка-тары төмөнкүлөр белгиленет: - турак жай аянтынын социалдык нормасы; - калкка көрсөтүлүүчү коммуналдык тейлөө кызматтарынын тизмеги жа-на нормативдери; - жарандардын турак жай жана коммуналдык тейлөө кызматынатөлөгөнгө кетүүчү жол берилген эњ жогорку чыгымдарынын үлүшү үй-бүлөнүнжыйынды кирешесинин пайызы менен; - калктын кирешеси төмөн топторуна турак жай субсидияларын берүүтартиби; - бир айда 1 чарчы м. турак жайга берилүүчү турак жай-коммуналдыктейлөө кызматтарынын жеткен чегинин наркы; - турак жай-коммуналдык тейлөө кызматтары акысыз же жарым-жартылайакы төлөнүү менен берилүүчү жарандардын категориялары; - турак жай алууга же турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж бол-гон жарандардын эсебин алуу тартиби; - бир адамга эсептегенде турак жай жана жалпы аянт менен камсызкылуунун нормасы. Турак жай-коммуналдык кызматтары турак жайды жана киши жүрчү лифт-ти техникалык жактан тейлөөнү, ысык жана муздак суулардын, электр-жылу-улук энергиясынын, газдын берилишин, пайдаланган суунун агып кетишин,радио жана жамааттык антенна менен камсыз кылууну, турмуш-тиричиликташтандыларынын ташылып турушун өзүнө камтыйт. Жарандардын турак жай жана коммуналдык тейлөө кызмат акысынын эњжогорку чеги катары кабыл алынган чыгымдарынын үлүшү үй-бүлөнүн жыйындыкирешесинин пайызы менен, ошондой эле бир айда 1 чарчы м. турак жайгаберилүүчү турак жай-коммуналдык тейлөө кызматтарынын жогорку чегининнаркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Калктын кирешеси төмөн топторуна турак жай субсидиялары менен ком-пенсацияларды берүү тартиби жана үй-бүлөлөр менен жарандар үчүн туракжай аянтынын социалдык нормасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жер-гиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилет. Турак жай-коммуналдык тейлөө кызматтары акысыз жана жарым-жартылайакы төлөө менен берилүүчү жарандардын категориялары Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. 11-статья. Эмгекке акы төлөө жана эмгек мамилелери жаатындагы социалдык стандарттар Эмгекке акы төлөө жаатындагы социалдык стандарттар төмөнкүлөрдүбелгилөөнү караштырат: - эњ төмөнкү жашоо каражатынын көлөмүнө карата аныктала тургандењгээлдеги эмгек акынын минималдуу өлчөмүн; - дем алыш жана майрам күндөрү; белгиленген мөөнөттөн ашык жетүнкүсүн иштегендик, зыяндуу же коркунучтуу эмгек шарттарында жана ооржумуштарда иштегендик үчүн эмгек акы төлөө тартибин; - инфляция белгиленген дењгээлден ашып кеткен учурда эмгек акыныиндексациялоо тартибин. Эмгек мамилелери жаатындагы социалдык стандарттар төмөнкүлөрдүнбелгиленишин карайт: - бир жума, ай, жыл ичиндеги жумуш убактысынын нормаларын, жумушсааттарынын санынын; - жыл сайын берилүүчү акы төлөнүүчү өргүүлөрдүн узактыгын; - эмгек жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгеккоопсуздугун жана эмгекти коргоону камсыз кылууга карата милдеттүүтүрдөгү талаптарды; - эмгектин шарттары боюнча кепилдиктер, жењилдиктер жана компенса-циялар. Эмгекке акы төлөө жана эмгек мамилелери жаатындагы социалдык стан-дарттар Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси жана башка ченемдик укук-тук актылар менен белгиленет. 12-статья. Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттартөмөнкүлөрдүн белгиленишин караштырат: - жарандардын ар түрдүү категорияларына пенсия дайындоо үчүн анынкурагын, камсыздандыруу стажынын улантылышын; - пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн; - аскер кызматчыларынын пенсияларынын эњ аз өлчөмүн; - пенсиялардын өлчөмүнө карата үстөктөрдү жана компенсацияларды; - пенсияларды индексациялоо тартибин: - пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн эсептөө тартибин. Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар "Мамле-кеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Мамлекеттик пенсиялык соци-алдык камсыздандыруу жөнүндө", "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсызкылуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес пенсия-лык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиле-нет. Пенсия менен камсыз кылууну жана камсыздандырууну каржылоо көлөмүтиешелүү финансылык жылга республикалык бюджет жана мамлекеттик социал-дык камсыздандыруу органынын бюджети жөнүндө мыйзамдар каралганда жылсайын бекитилет. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү Кыргыз РеспубликасынынПенсиялык фондунун каражаттарынан каржыланат жана камсыздандырылган жа-рандын эмгектенүүсүнүн жүрүшүндөгү камсыздандыруу чегериминин көлөмүнөнаныкталат. 13-статья. Калкты жана жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар Калкты жана жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу жаатындагысоциалдык стандарттар төмөнкүлөрдүн белгиленишин караштырат: - убактылуу материалдык колдоо көрсөтүү үчүн расмий каттоодонөткөн жумушсуз жарандарга мамлекеттик кепилдик катары колдонулуучу жу-мушсуздук базалык жөлөкпулду. Базалык жөлөкпулдун өлчөмү мамлекеттиксоциалдык камсыздандыруу органынын бюджети жөнүндө мыйзамды бекиткенучурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бекитилет; - жумуш издеген жарандарга же жумушсуздарга калкты иш менен камсызкылуу мамлекеттик кызматтары тарабынан калкты иш менен камсыз кылуугакөмөктөшүү боюнча көрсөтүлүүчү тейлөө кызматтарынын төмөнкүдөйтүрлөрүнүн тизмегин: - жумуш берүүчүлөр тарабынан билдирилген бош жумушчу орундаржөнүндө маалыматтар; - ишсиз калкты кесиптик даярдоо жана кайра даярдоонун алкагындагыокутуу курстары жөнүндө маалыматтар; - калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарынын маселелери боюнча консультациялар. Жумушсуз жарандарга төмөнкүдөй кошумча тейлөө кызматтарыкөрсөтүлөт: - кесиптик даярдоо, кайра даярдоо курстарында окутуу жана окуунунжүрүшүндө стипендия алуу; - өзүн-өзү иш менен камсыз кылуу жана жеке бизнес уюштурууда кон-сультация берүү кызматтары жана финансы жагынан колдоо көрсөтүү кызмат-тары; - акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу боюнча программаларгакатышуу мүмкүнчүлүгү; - айыл жеринде коомдоштуктун демилгелерин колдоо жолу менен иш ме-нен камсыз кылуу; - жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөө. Калкты иш менен камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамы менен белгиленет. Калкты иш менен камсыз кылуугакөмөктөшүү боюнча тейлөө кызматтары калкты иш менен камсыз кылуунунмамлекеттик кызматтары тарабынан Калкты иш менен камсыз кылуугакөмөктөшүү фондунун, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кара-жаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. 14-статья. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы социалдык стан-дарттар төмөнкүлөрдүн белгиленишин караштырат: - айлана-чөйрөнүн сапат нормативдер тутумун; - жарандарга айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө так маалымат берүү тар-тибин; - экологиялык коопсуздук бузулган учурда жарандардын ден соолугунаже мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин. Айлана-чөйрөнүн сапат нормативдер тутуму төмөнкүлөрдү өзүнө кам-тыйт: - атмосфералык абада, сууда, кыртышта жана жер астында зыяндуузаттардын концентрациясынын жол берилген акыркы чегинин нормативдерин; - жараксыз жана зыяндуу калдык заттардын жол берилген чегинин нор-мативдерин; - радиациялык таасирдин жол берилген чегинин нормативдерин; - айлана-чөйрөгө оордук келтирүү дењгээлинин жол берилген чегининнормативдерин; - санитардык жака коргоо зоналарынын нормативдерин; - пайдаланылып жаткан жаратылыш ресурстарына стандарттарды; - дүрүлдөө, дирилдөө, электр магнит талааларынын термелүү жанабашка зыяндуу таасиринин дењгээлдеринин жол берилген чегинин норматив-дерин; - айыл чарбасында химикаттарды колдонуунун жол берилген чегининнормативдерин; - тамак-аш азыктарындагы химиялык концентрациялардын, уулуу, кан-церогендик заттардын жана биологиялык кошулмалардын жол берилген чеги-нин нормативдерин. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы стандарттар "Ай-лана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бел-гиленет. Айлана-чөйрөнүн сапат нормативдери айлана-чөйрөнү коргоонуныйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтү белгилеген тартипте бекитилет. 15-статья. Укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар Укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында-гы социалдык стандарттар төмөнкүлөрдүн белгиленишин караштырат: - 1 мињ жашоочуга коомдук коопсуздукту камсыз кылуучу милиция кыз-маткерлеринин сан жагындагы нормативдерин, анын ичинде: - милициянын участкалык инспекторлорун; - кайгуул-күзөт кызматындагы милиционерлердин; - мамлекеттик автоинспекторлордун; - жол-кайгуул кызматындагы инспекторлордун; - өрткө каршы мамлекеттик кызмат инспекторлорунун сан жагындагынормативдерин; - укук тартибин жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер орган-дары тутумунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш чараларын каржылоо-нун минималдуу дењгээлин. Милиция кызматкерлеринин жана өрткө каршы мамлекеттик кызмат инс-пекторлорунун сан жагындагы нормативдери ыйгарым укуктуу мамлекеттикфинансы органдарынын макулдугу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик ичкииштер органдары тарабынан өлчөнөт жана бекитилет. Ички иштер органдарын каржылоонун минималдуу дењгээли коомдук тар-типти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылууга, кылмыштуулукменен күрөшүүгө, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагыконтролдоо-уруксат берүү чараларын; эсепке алуу-каттоо жана сынак ишинжүзөгө ашырууга; өрт коопсуздугунун абалына көзөмөлдү камсыз кылуугажана өрт өчүрүүнү ишке ашырууга республикалык бюджеттен берилген кара-жаттардын көлөмү менен аныкталат. Укук коргоо органдарын каржылоонунминималдуу дењгээли ыйгарым укуктуу мамлекеттик финансы органдарынынмакулдугу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органдары тара-бынан өлчөнөт жана тиешелүү финансылык жылга республикалык бюджетжөнүндө мыйзамды караганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тара-бынан бекитилет. 16-статья. Дене тарбия жана спорт жаатындагы социалдык стандарттар Дене тарбия жана спорт жаатындагы социалдык стандарттартөмөнкүлөрдүн белгиленишин караштырат: - белгиленген мамлекеттик билим берүү программаларынын алкагындаокуп жатышкандардын өсүп жетилишин материалдык, кадр жана техникалыкжактан камсыз кылуунун нормаларын жана нормативдерин; - спорт курулмаларынын бир мезгилде өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүнүннормативдерин; - спорт багытындагы товарларды өндүрүүнүн нормативдерин; - балдар менен өспүрүмдөрдүн спорт мектептерине окуучуларды тартуунормативдерин; - спорттук резервди, жогорку спорт чеберлерин даярдоо тутумунаокуучуларды тартуу нормаларын; - спорттук курулмаларды алардын түрлөрү боюнча: спорттук имарат-тар, жалпак курулмалар менен камсыз кылуу нормативдерин; - атайын билим берүү мекемелериндеги жана олимпиадалык резервдегибалдарды тамактандыруу нормаларын; - дене тарбия жана спорт менен машыгуу кепилдиктерин камсыз кылууүчүн калкты каржылоонун минималдуу дењгээлин. Дене тарбия жана спорт жаатындагы социалдык стандарттар "Дене тар-бия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө са-лынат. Калктын өсүп жетилишин жана спортту каржылоонун минималдуудењгээли ыйгарым укуктуу мамлекеттик финансы органдарынын макулдугу ме-нен дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тара-бынан өлчөнөт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылат жанатиешелүү финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кара-ганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бекитилет. III глава Минималдуу керектөө бюджети 17-статья. Минималдуу керектөө бюджетин дайындоо Минималдуу керектөө бюджети ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн айрым соци-алдык стандарттарды аныктоо, ошондой эле калктын жашоо дењгээлин баалоожана өзгөрүшүн болжолдоо үчүн пайдаланылат. 18-статья. Минималдуу керектөө бюджетинин түрлөрү Минималдуу керектөө бюджети төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: - орто эсеп менен калктын жан башына; - орто эсеп менен калктын негизги социалдык-демографиялык тобунда-гы бир адамга. Минималдуу керектөө бюджети төмөнкүдөй социалдык-демографиялыктоптор боюнча эсептелип чыгарылат: - эмгекке жарамдуу курактагы чоњ адамдар; - эмгекке жарамсыз курактагы чоњ адамдар (пенсионерлер); - 17 жашка чейинки балдар. Минималдуу керектөө бюджети орто эсеп менен квартал сайын респуб-лика жана региондор боюнча статистиканын ыйгарым укуктуу мамлекеттикорганы тарабынан эсептелет. Минималдуу керектөө бюджети жөнүндөгү маа-лымат статистиканын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын бюллетенде-ринде жарыяланат.
19-статья. Минималдуу керектөө бюджетинин түзүмү жана аны түзүү тартиби Минималдуу керектөө бюджетинин түзүмүнө минималдуу чек катары ка-был алынган дењгээлде адам баласынын керектөөсүн канааттандыруучу жанаанын жашоо тиричилигин камсыз кылуучу товарлардын, тейлөө кызматтарынынжана милдеттүү төлөмдөр жана жыйымдар боюнча чыгымдардын топтому кирет. - тамак-аш азыктары; - азык-түлүк эмес товарлар; - маданий-турмуш-тиричилик жана чарба багытындагы товарлар; - кызмат көрсөтүүлөр; - милдеттүү төлөмдөр жана жыйымдар боюнча чыгымдар. Минималдуу керектөө бюджетинин түзүмүн түзүү орто эсеп менен рес-публика жана региондор боюнча табигий-климаттык шарттарды, тамак-ашазыктарын, азык-түлүк эмес товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайда-лануудагы улуттук салттар менен жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алууменен ишке ашырылат. Негизги социалдык-демографиялык топтогу калкка жа-на калктын жан башына туура келүүчү минималдуу керектөө бюджетининкөлөмүн эсептөө методикасы социалдык жактан коргоонун ыйгарым укуктуумамлекеттик органы тарабынан статистиканын ыйгарым укуктуу мамлекеттикорганы жана кесиптик бирликтер менен жумуш берүүчүлөрдүн өкүлчүлүктүүоргандары менен биргеликте иштелип чыгат жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү тарабынан бекитилет. Тамак-аш азыктарына, азык-түлүк эмес товар-ларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын жана тарифтерининдењгээлин аныктоо үчүн минималдуу керектөө бюджетин эсептеген учурдатоварлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү тарабынан бекитилет. 20-статья. Минималдуу керектөө бюджетин бекитүү Минималдуу керектөө бюджетинин көлөмүнүн наркы статистиканын ыйга-рым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан эсептелип чыгат жана жылынабир жолу, ал эми квартал ичинде орточо айлык инфляция үч пайыздан ашканучурда квартал бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынанбекитилет. IV глава Мамлекеттик социалдык стандарттарды белгилөө жана колдонуу жаатындагы мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары 21-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына милдеттүү болуп саналганжарандардын социалдык кепилдиктеринин дењгээлин аныктоочу мыйзамдар ак-тылары менен жалпы мамлекеттик программаларды кабыл алуу жана социалдыкстандарттардын толук сакталышын камсыз кылуучу республикалык бюджеттижыл сайын бекитүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин карамагынакирет. 22-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына төмөндөгүлөр кирет: - социалдык жактан камсыз кылуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттиксаясатты жүргүзүү; - социалдык мамилелердин ар кандай чөйрөсүндө мыйзамдуулукту,ошондой эле алардын ресурс жагынан камсыз болушун камсыз кылуу боюнчачечимдерди кабыл алуу; - бюджетти жана эњ зарыл турмуштук керектөөлөрдү камсыз кылуу үчүнсоциалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу; - социалдык стандарттардын сакталышына контролду ишке ашыруу ор-гандарын жана тартибин аныктоо. 23-статья. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагына финансы жа-на материалдык ресурстарды максаттуу пайдаланууга контроль жүргүзүүнүкошо эсептегенде, турак жай-коммуналдык тейлөө жаатындагы социалдыкстандарттарды иштеп чыгуу жана социалдык стандарттардын сакталышын кам-сыз кылуу кирет. Өзүнүн финансы жана материалдык ресурстары болгон учурда жерги-ликтүү өзалдынча башкаруу органдары мамлекеттик минималдуу социалдыкстандарттардан ашкан жергиликтүү социалдык стандарттарды белгилөөгөукуктуу. V глава Социалдык стандарттарды белгилөө жана колдонуу тартиби 24-статья. Социалдык стандарттарды белгилөө Социалдык стандарттар ушул Мыйзамда белгиленген мезгилдин аралы-гында финансы жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макул-дашуу боюнча алардын компетенциясынын чегинде аткаруу бийлигинин бор-бордук же аймактык органдары тарабынан эсептелип чыгат. Минималдуу бюджеттик камсыз кылуу ченемдери мамлекеттик минималдуусоциалдык стандарттардын, демографиялык жана экономикалыккөрсөткүчтөрдүн, баа дењгээлинин негизинде эсептелип чыгат жана жыл са-йын "Республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иш-теп чыккан учурда караштырылат. 25-статья. Социалдык стандарттарды колдонуу Социалдык стандарттар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердинсоциалдык статьяларын түзүү жана аткаруу үчүн негиз болуп саналат. 26-статья. Социалдык стандарттарды кайра кароо Социалдык стандарттар натуралай түрүндө беш жылда кеминде бир жолукаралат жана мурда кабыл алынгандан төмөн болбогон өлчөмдө бекитилет. Социалдык стандарттар нарк түрүндө, эгерде ушул Мыйзамда айрым со-циалдык стандарттар үчүн башкача каралбаса, керектөө бааларынын индек-син эсепке алуу менен жыл сайын кайра каралып турат. VI глава Корутунду жоболор 27-статья. Социалдык стандарттардын сакталышы үчүн жоопкерчилик Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өзалдынчабашкаруу органдары жана кесиптик бирликтер социалдык стандарттардынсакталышына контролду ишке ашырат жана өздөрүнүн башкаруу чегине жанаыйгарым укуктарына ылайык социалдык стандарттардын сакталышына жооптууболушат. Бул Мыйзамдын жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел-гиленген тартипте жарандар өздөрүнүн таламдарын жана укуктарын коргоодожана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкарууоргандарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштерине коом-дук контролду жүзөгө ашырууда жетекчиликке алышат. Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды камсыз кылууну жанасактоону контролдоо ачык-айкындык принцибинин негизинде парламенттик,администрациялык жана коомдук контроль түрүндө ишке ашырылууга тийиш. 28-статья. Ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын катышы Ушул Мыйзамдын жоболору социалдык стандарттары аныктоо маселелерибоюнча мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуужана кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамда каралган социалдыкстандарттар жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун үч айлыкмөөнөттө иштеп чыксын. Социалдык стандарттар жөнүндө мурда чыгарылган мыйзамдар жана баш-ка ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамда белгиленген мезгилдүүлүгүнөжараша кайрадан каралууга тийиш. 29-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши 1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. "Минималдуу керектөө бюджети жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењештин Ведомосттору, 1993-ж.,№ 6, 152-ст.) күчүн жоготту деп табылсын. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев