Редакцияот 08.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 8-сентябры № 223

«Либерал-Прогрессивдик партиясы» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жөнундө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин  1-пунктунун 3-, 20-, 24-пунктчаларын, 27-беренесинин 1-, 2-,4-,11-пункттарын, 73-беренесинин 1-,3-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. «Либерал-Прогрессивдик партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн 95 санындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин путаттыгына талапкерлердин тизмеси катталсын (тизме тиркелет).

2. «Либерал-Прогрессивдик партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси "Эркин Тоо" газетасынын жакынкы номерине жарыялансын.

3. «Либерал-Прогрессивдик партиясы» саясий партиясынан катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

 

Төрага

А.Сариев