ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 8-сентябрындагы № 223 «Либерал-Прогрессивдик партиясы» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жөнундө» токтому

Редакция08.09.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 8-сентябры № 223

«Либерал-Прогрессивдик партиясы» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жөнундө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин  1-пунктунун 3-, 20-, 24-пунктчаларын, 27-беренесинин 1-, 2-,4-,11-пункттарын, 73-беренесинин 1-,3-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. «Либерал-Прогрессивдик партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн 95 санындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин путаттыгына талапкерлердин тизмеси катталсын (тизме тиркелет).

2. «Либерал-Прогрессивдик партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси "Эркин Тоо" газетасынын жакынкы номерине жарыялансын.

3. «Либерал-Прогрессивдик партиясы» саясий партиясынан катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

 

Төрага

А.Сариев