Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-сентябры № 224
2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын негизги жана кошумча тизмелеринин формаларын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 13-пунктчасына жана 22-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын негизги жана кошумча тизмелеринин формалары бекитилсин (№1,2 тиркемелер).
2. Чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын негизги жана кошумча тизмелеринин формасы бекитилсин (№3,4 тиркеме).
Бул токтом ЖМКларда жарыялансын.
Бул токтом №1,2 тиркемелери менен райондук, шаардык шайлоо комиссияларына, №3,4 тиркемелери менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө "Шайлоо" МАСтын сектор башчысы Н.Н.Давкинага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |