ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 8-сентябрындагы № 224 «2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын негизги жана кошумча тизмелеринин формаларын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция08.09.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 8-сентябры № 224

2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын негизги жана кошумча тизмелеринин формаларын бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 13-пунктчасына жана 22-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын негизги жана кошумча тизмелеринин формалары бекитилсин (№1,2 тиркемелер).

2. Чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын негизги жана кошумча тизмелеринин формасы бекитилсин (№3,4 тиркеме).

Бул токтом ЖМКларда жарыялансын.

Бул токтом №1,2 тиркемелери менен райондук, шаардык шайлоо комиссияларына, №3,4 тиркемелери менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө "Шайлоо" МАСтын сектор башчысы Н.Н.Давкинага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев