ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 8-сентябрындагы № 225 «Ченемдик укуктук актылардын жыйнагы жөнундө» токтому

Редакция08.09.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 8-сентябры № 225

Ченемдик укуктук актылардын жыйнагы жөнундө

Алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ченемдик укуктук актылардын жыйнагы (2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо) 5000 нускадагы тираж менен чыгарылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн

 

Төрага

А.Сариев