Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 226 «Ата-Журт» идеалисттик демократиялык партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 226
Кабыл алынган
2010-жылдын 9-сентябры
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
газета "Эркин-Тоо" № 80-83 · 2010-жылдын 10-сентябры
Реестрде
2010-жылдын 13-декабры

Реестрде

Минюст коду
19493

Минюсттун расмий барагы

Редакция09.09.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 9-сентябры № 226

"Ата-Журт" идеалисттик демократиялык партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 2-сентябрындагы №190 токтому менен "Ата Журт" идеалисттик демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына 120 сандагы талапкерлердин тизмеси катталган.

2010-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Ата Журт" идеалисттик демократиялык партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына катталган Ачилов Рысбек Ташмуханбетович Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жана аны "Ата Журт" идеалисттик демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арыз келип түшкөн.

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1."Ата Журт" идеалисттик демократиялык  партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Ачилов Рысбек Ташмуханбетович чыгарылсын.

2. 2010-жылдын 2-сентябрында "Ата Журт" идеалисттик демократиялык партиясынан катталган талапкердин №81 күбөлүгү жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтом "Ата Журт" идеалисттик демократиялык партиясына маалымдалсын

 

Төрага

А.Сариев

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.