ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 227 «2010-жылдын 10- октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө» токтому

Редакция09.09.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 9-сентябры № 227

2010-жылдын 10- октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6- жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөрдөн аккредитациялансын:

-Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-Мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын кеңешинен (№1 тиркеме- 7 адам);

-ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынан төмөнкү жарандар   (№2тиркеме – 21 адам).

2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.

4 Бул токтом ЖМКларда жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШК мүчөсү А.Ж.Баялиновго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев