ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 228 «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө» токтому

Редакция09.09.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 9-сентябры № 228

«Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 20-, 24-пунктчаларын, 27-беренесинин 1-,2-,4-,11-пунктчаларын, 73-беренесинин 1-,3- пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн 117 сандагы депутаттардын тизмеси катталсын (тизме тиркелет).

2. «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин саны "Эркин Тоо" газетасынын жакынкы номерине жарыялансын.

3. «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» саясий партиясынан катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин

 

Төрага

А.Сариев