ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 16-сентябрындагы № 255 «Нарын облустук шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция16.09.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 16-сентябры № 255

Нарын облустук шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Өз ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыз бергендиктерине байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 16-беренесинин 1-,3-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы №133 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин 2-пунктунун 11-абзацына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы №15 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө Жобонун 2.11-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Нарын облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-«Биримдик» саясий партиясынан көрсөтүлгөн комиссиянын мүчөсү Нурманбетова Гүлзат Садыркуловна курамдан чыгарылсын.

 -«Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Асаналиева Назгүл Азисовна комиссиянын курамына резервден киргизилсин.

2.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.

 

Төраганын милдетин аткаруучу

Ж.Акматов