КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 21-сентябры № 270
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө келип түшкөн сунушун карап чыгып, КР БШКнын 2010-жылдын 7-сентябрындагы "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө" №213 токтомунун негизинде, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 29-беренесинин 1 -,2-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 3-,22-,24-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан ишенимдүү адамдар катары 40 киши катталсын (тизме тиркелет).
2.«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан катталган ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
Төрага | А.Сариев |