Кыргыз Республикасынын
2011-жылдын 30-июнундагы № 62 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2006-жылдын 8-августу № 164 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу 2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-бордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 3, 131-ст.)төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын: "4. Борбордук шайлоо комиссиясына чечүүчү, ошондой эле кењешберүүчү добуш берүү укугуна соттолгондугу алына же жоюла элек адам мый-замда белгиленген тартипте мүчө боло албайт.". 4-8-пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 5-9-пункттар деп эсептелсин. 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев