КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 21-сентябры № 273
"Ата-Журт" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Ата Журт" саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө келип түшкөн сунушун карап чыгып, КР БШКнын 2010-жылдын 2-сентябрындагы "Ата-Журт" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө" № 190 токтомунун негизинде, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 29-беренесинин 1-, 2-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 22-, 24-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ата-Журт" саясий партиясынын ишенимдүү адамдары катары 205 киши катталсын (тизме тиркелет).
2. "Ата-Журт" саясий партиясынан катталган ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
Төрага | А.Сариев |