ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 21-сентябрындагы № 277 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо жөнүндө» токтому

Редакция21.09.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 21-сентябры № 277

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 14-пунктчасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендери Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынан алынган табыштаманын негизинде тиркелген разнарядкага ылайык санда даярдалсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү М.А. Корсунскийге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.САриев