Бишкек шаары2006-жылдын 8-августу № 162 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу 2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруутөгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.)төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин: 2-статьяда: 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "г" пунктчасы менен толукталсын: "г) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин элчиликтери-нин, консульстволорунун жана башка чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкер-леринин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн Пенсиялыкфондго - 19 пайыз өлчөмүндө. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минист-рлигинин чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлери үчүн камсыздандыруутөгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартиптежүзөгө ашырылат."; 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын: "в) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин элчиликтери-нин, консульстволорунун жана башка чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкер-лери Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө. Кыргыз Республикасынын Тышкыиштер министрлигинин чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлеринин камсыз-дандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тар-типте жүзөгө ашырылат.". 2-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 3-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөту өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев