МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №162 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы

Редакция08.08.2006 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары2006-жылдын 8-августу № 162                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ              "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча            камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө"             Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор                           киргизүү тууралу      2006-жылдын 16-июнунда              Кыргыз Республикасынын Жогорку                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган      1-статья.      "Мамлекеттик социалдык    камсыздандыруу   боюнча   камсыздандыруутөгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  (Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,  2004-ж.,  № 5, 229-ст.)төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:     2-статьяда:     1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "г" пунктчасы менен толукталсын:     "г) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин элчиликтери-нин, консульстволорунун жана башка чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкер-леринин  пайдасына  чегерилген  төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн Пенсиялыкфондго - 19 пайыз өлчөмүндө. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минист-рлигинин  чет  өлкөлүк  мекемелеринин кызматкерлери үчүн камсыздандыруутөгүмдөрүн төлөө  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү  белгилеген  тартиптежүзөгө ашырылат.";     2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын:     "в) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин элчиликтери-нин, консульстволорунун жана башка чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкер-лери Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө. Кыргыз Республикасынын Тышкыиштер министрлигинин чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлеринин камсыз-дандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тар-типте жүзөгө ашырылат.".      2-статья.      Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.      3-статья.      Кыргыз Республикасынын Өкмөту өзүнүн  ченемдик  укуктук  актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин.      Кыргыз Республикасынын      Президенти                                               К.Бакиев