ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 2-октябрындагы № 293 «Саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө» токтому

Редакция02.09.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 2-октябры № 293

Саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

"Республика", "Ата-Журт", "Ата Мекен", "Ар-Намыс", "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партияларынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3, 22, 24-пунктчаларына, 29-беренесинин 1, 2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндө аталган саясий партиялардын ишенимдүү адамдары катталсын:

- "Республика" саясий партиясынан, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустары боюнча 21 адам (тизмеси тиркелет);

- "Ата-Журт" саясий партиясынан 44 адам (тизмеси тиркелет);

- "Ата Мекен" саясий партиясынан 68 адам (тизмеси тиркелет);

- "Ар-Намыс" саясий партиясынан, Баткен облусу боюнча 40 адам (тизмеси тиркелет);

- "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партиясынан, 5 адам (тизмеси тиркелет).

2. Саясий партиялардын ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

 

Төрага

А.Сариев