ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 3-октябрындагы № 297 «2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө» токтому

Редакция02.10.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 3-октябры № 297

2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6 жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл аралык байкоочу катары аккредитациялансын:

- Шайлоо системаларынын Эл аралык Фондунан (IFES) (№ 1 тиркеме - 1 адам);

- КМШ байкоочулар миссиясынан (№ 2 тиркеме - 4 адам);

- Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын элчилигинен (N 3 тиркеме - 2 адам);

- ШКУ байкоочулар миссиясынан (№ 4 тиркеме - 9 адам);

- ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынан (№ 5 тиркеме - 64 адам)

2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом ЖМКга жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Баялиновго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев